Путин Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу макала жазды

Путин буга чейин журналисттерге маалымат жыйын куруп жатып, дүйнөлүк согуш тууралуу макала жазуу ниети бар экендигин билдирген. Материал качан чыгары азырынча белгисиз.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндө макала жазганын РИА Новости мамлекет башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песковго таянуу менен кабарлады.

Анын айтымында, Путин материалдын чыгар убактысын өзү айтат.

Улуттук гвардиянын аскерлеринен COVID чыкты. Москвадагы парадга барчу курам алмашат
Өлкө башчысы буга чейин журналисттерге ири маалымат жыйын куруп жатып, дүйнөлүк согуш тууралуу макала жазуу ниети бар экендигин билдирген.

Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет. Бирок салттуу жеңиш парадын коронавируска байланыштуу 9-майдан 24-июнга жылдырууга туура келген. Путин бул күндү эс алуу күн деп жарыялап, айлык акы сакталарын айткан.

1945-жылы дал ушул 24-июнда атактуу жеңүүчүлөр парады болуп, фронттон кайтып келген жоокерлер Кызыл аянтта баскан.