Асылдар, залкарлар менен... Күлүйпа Кондучалованын сүрөттө калган ирмемдери

Sputnik

Бул инсандын 100 жылдыгына карата Кыргызстанда "Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" деп аталган жумалык аяктады.

Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы Фрунзе шаарынын четиндеги Кара-Жыгач айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Кичинекей кыз сегиз жашында мектеп босогосун аттап, кийин борбор калаадагы педагогикалык училищеге тапшырып, аны 1938-жылы  аяктаган. Андан соң Нарын облусундагы Куланак айылындагы орто мектепте мугалим болуп эмгек жолун баштаган. 20 жашында Тянь-Шань облустук комсомол комитетинин катчысы болгон. Кийин Фрунзе облустук компартияда бөлүм башчынын орун басары, Коммунисттик партиянын борбордук комитетинде Аялдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси, Жалал-Абад обкомунун катчысы болуп эмгектенип,  мамлекеттик кызматтын бардык баскычтарынан өткөн. 27 жашында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланып, эки жылдан кийин төраганын орун басары кызматын аркалаган.

Элмирбектин жаштыгы, сүйүүсү, тагдыры. Алп акындын сүрөттө калган ирмемдери
Эң кызыгы, 1953-жылы Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары,  Кыргыз ССРинин жаңы ачылган тышкы иштер министринин милдетин да аткарат. 1958-жылы маданият министри болуп дайындалып, 60-жылдардын башында эки министрликти башкарган. Кыргыз Республикасынын Баатыры 22 жыл министр болгон. Бул мезгилде Кыргыз ССРиндеги маданиятты жогорку деңгээлге чыгарып, кадрларды, адистерди даярдап, бир топ мекемелерди колдонууга берген. Кондучалова өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомун жетектеген. Ооруп жатканда шакирттерине "маданиятты сактагыла" деп керээзин айткан.

I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси 2013-жылы 7-сентябрда Бишкек  шаарында 93 жаш курагында дүйнө салган.

1 / 13
Блокада алынган Ленинград шаары, 1942-жыл
2 / 13
Кыргызды кыйырга тааныткандар. Министр Күлүйпа Кондучалова, актёр Сүймөнкул Чокморов, жазуучу Бексултан Жакиев
3 / 13
СССРдин эл артисттери Сабира Күмүшалиева жана Сайра Кийизбаева менен бир ирмем
4 / 13
Кондучалова СССР Жогорку Советине эки жолу, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине жети жолу депутат болуп шайланган
5 / 13
Маданият министри Кондучалова жазуучу Аалы Токомбаев менен
6 / 13
Жаш кез... Жазуучу Чыңгыз Айтматов, министр Күлүйпа Кондучалова, 1963-жыл, Москва шаары
7 / 13
Кыргыз искусствосунун Москвадагы экинчи декадасы, 1958-жыл
8 / 13
Министр айым энеси менен Кызыл аянтта
9 / 13
Жайыл дасторкон үстүндө эс алган замандаштар
10 / 13
Балетмейстер Чолпонбек Базарбаев жана Күлүйпа Кондучалова
11 / 13
Күлүйпа Кондучалова жолдошу Абды Оролбаев менен бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн
12 / 13
Кондучалова 22 жыл Маданият министрлигин жетектеп, далай таланттарды таптап, тарбиялап чыгарган
13 / 13
I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси 93 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан