Эми таарынбагыла, оору күчөсө шаарды жабабыз! Мэриянын аппарат жетекчиси эскертти

Өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кетсе, чектөөлөрдү кайра киргизүүгө аргасыз болобуз деп Саламаттык сактоо министрлиги да айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik.  Эл көп жүргөн базар, соода түйүндөр, ресторан, кафелер, такси жана коомдук транспорт ээлерине акыркы катуу эскертүү, санитардык нормаларды сактабасаңар жазасын аласыңар. Мындай постту Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып, эскертүү берди.

Ал акыркы эки күндө 98 адам ооруганын мисал келтирип, ишкерлерге жана элге  санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабай жатасыңар деген нааразылыгын айтты.

“Айтсак жаман көрөсүңөр. Ишенбейсиңер. Көңүл кош карайсыңар. Урушсаңар да, чапсаңар, тепсеңер да эми таарынбагыла. Эл көп жүргөн базар, соода түйүндөр, ресторан жана кафелер, такси жана коомдук транспорт ээлерине акыркы катуу эскертүү. Санитардык нормаларды сактабасаңар жазасын аласыңар. Маска кийип аралыкты сактагыла. Колуңарды жууп тургула. Укпасаңар, ишенбесеңер эми өз убалыңар өзүңөргө. Дагы күчөп кетсе шаарды жабабыз”, — деди ал.

Өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кетсе, чектөөлөрдү кайра киргизүүгө аргасыз болоорун бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирген эле.

Кыргызстанда акыркы суткада 87 кишиден коронавирус табылып, жалпы 2372ге жетти. Анын ичинен 1813ү айыгып, 27 бейтап көз жумду.