Көбү Нарындан. Кыргызстанда 22 адам коронавирустан айыгып чыкты

Өлкөдө ооруга чалдыккандардын жалпы саны 2372 адамды түзөт, анын ичинен 1813 бейтап коронавирусту жеңди.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 22 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айытымында, Нарын облусунда 13, Бишкек шаарында жети, Чүй менен Ош облусунда бирден бейтап ооруну жеңип чыкты.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктурган 1813 бейтап сакайды. Ал эми ооруга чалдыккандардын жалпы саны 2372 адамды түзөт. Тилекке каршы, 27 адам каза болуп калды.