Бишкекте Ак үйдүн алдында митинг өттү. Сүрөттөр

Нааразычылык акциясына 10го жетпеген киши чогулду. Алардан дагы жерине барган милиция менен журналисттердин саны ашып кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратынын алдында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жана Кыргызстандагы аялдардын укугун коргоо боюнча акция өттү.

Митингге чыккандар мындан тышкары милициянын өзүм билемдигине нааразычылыгын билдирип, сот реформасын талап кылууда.

"Саныбыз онго жеткен жок, бул жалгыз пикетчилердин акциясы. Көп киши чогулбагандан кийин мамлекеттик органдарга маалымат бербей эле коюуга укугубуз бар. Келерибиз менен эле милиция колдогу кагаздарыбызды ала баштады. Анда зомбулукка чакырган маалыматтар болгон эмес”, — деди митингчилердин бири.

Мойнуна дөңгөлөк илинип мазакталган аял күйөөсүн кечирип, тосмо арыз жазды
Нааразычылык акциясына 10го жетпеген киши чогулду. Алардан дагы милиция менен журналисттердин саны ашып кетти.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармакта аялынын мойнуна дөңгөлөктөрдү илип, үстүнөн суу куюп, уруп жаткан эркектин видеосу тараган. Кызыгы, аялына күч колдонуп жаткан эркек окуяны башка адамга видеого тарттырган. Ал коомчулукта бир топ чуу жараткан эле. Кийин жабырлануучунун арызынын негизинде күйөөсү 15 суткага камакка алынган. Көп өтпөй аялы милицияга тосмо арыз менен кайрылды.