Азайбай койду... Өлкөдө бир суткада 22 медик коронавируска кабылды

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 460 учур катталды. Анын жарымынан көбү ооруну жеңди.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 22 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Вирусолог COVID-19дун экинчи толкунуна кантип даярдануу керектигин айтып берди
Анын айтымында, оору жуктургандардын 12си Бишкектен, үчөө Чүй облусунан, бешөө Ош шаарынан жана экөө Ош облусунан.

Ал эми сутка ичинде 13 медкызматкер айыгып, стационарлардан чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 460 учур катталды. Алардын ичинен 354 медкызматкер айыгып чыккан.