Болот Шердин өмүр баяны

Болотбек Шерниязов 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Пушкин айылында туулган.
Sputnik

Болот Шердин өмүр баяны менен Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымалдан" таанышыңыз.

Билими:

  • 1982 —  Н.Э. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетин бүткөн.
  • 1988 — СССР ИИМинин Фрунзедеги адистештирилген орто мектебин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1988-1991 — Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында иштеген;
  • 1991-1994 — Жеке фирманын жетекчиси;
  • 1994 — Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылдык кеңешинин элдик депутаты;
  • 1998 — Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган;
  • 2000 — Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты;
  • 2001 — Эл аралык Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы;
  • 2005 — Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, төраганын орун басары;
  • 2010 — 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө ички иштер министри, ноябрдан тарта Жогорку кеңештин депутты;
  • 2020-жылдын 21-июнунда ооруканада көз жумган.