COVID-19дан коргонгон Жээнбеков башкача ыкма менен учурашууда. Сүрөт

Мамлекет башчы аэропортто №1 учактын командири жана Ош облусундагы дыйкандар менен муштум тийгизип учурашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун жеке фотографы Султан Досалиев мамлекет башчынын узаган жумада тартылган иш учурундагы сүрөттөрүн жарыялады.

Анын ичинен өзгөчө кадр катары Жээнбеков коронавирустан коргонуу боюнча санитардык нормаларды сактап, адамдар менен кол алышып эмес, муштум тийгизип гана учурашып жатканын көрүүгө болот.

COVID-19дан коргонгон Жээнбеков башкача ыкма менен учурашууда. Сүрөт

Мамлекет башчы аэропортто №1 учактын командири жана Ош облусундагы дыйкандар менен муштум тийгизип учурашкан.

COVID-19дан коргонгон Жээнбеков башкача ыкма менен учурашууда. Сүрөт

Жээнбеков 10-11-июнь күндөрү Ош облусуна иш сапар менен барган. Ал биринчи күнүндө Июнь окуясында каза болгондорду эскерип, "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл койду.

Андан ары облустагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышкан.

Аны менен катар өнөр жай жана айыл чарба объектилеринин ишин көрүп кайткан.