Рафаэль Физиевдин UFC уюмундагы кийинки беттеши качан болору аныкталды

Ушуну менен кыргызстандык спортчу Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) алкагында үчүнчү ирет октагонго чыгып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандык Рафаэль Физиев Абу-Дабиде (БАЭ) кезектеги беттешүүгө чыгат. Бул тууралуу MMA Junkie спорттук порталы жазды.

Аталган турнирдин Абу-Дабидеги Яс жасалма аралында 18-июлда өтөрү айтылат.

Чемпион чемпионго каршы... Нурмагомедов менен Гэтжинин беттешчү күнү айтылды
Физиевдин каршылашы Костолом деген каймана аты бар англиялык мушкер Марк Диакисе экени белгилүү болду. Ал буга чейин 14 беттешин жеңиш менен аяктап, үч ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Ушуну менен кыргызстандык спортчу Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) алкагында үчүнчү ирет октагонго чыгып жатат.

Нео каймана аты бар Рафаэль Физиев UFC уюмунда алгачкы ирет өткөн жылдын апрелинде Санкт-Петербургда өз күчүн сынаган. Ал турнирде россиялык Магомед Мустафаевден жеңилип, кийин октябрда бразиялык Алекс Уайтты жеңип алган.