БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстанга "Москва – Бишкек" каттамы менен 437 кыргызстандык учуп келди. Алардын ичинде кичинекей балдар дагы бар экенин Республикалык штабдан билдиришти.
Билдирмеге ылайык, мекендештер Кыргызстанга бүгүн "Аэрофлот — Россия аба жолдору" авиакомпаниясынын учагы менен келишкен.
"Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникасынан жана элчиликтин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Комиссиялык тандоо жарандардын шарттарына карап жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Алсак, каттамга алгач төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар тандалып алынган.
Келген жарандардын бардыгы медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.
Кыргызстандын чет өлкөдөгү жарандарын кайтаруу иштери уланууда.