Колу-бутуман ажыраганыма өкүнбөйм. Павлония багын өстүргөн Монкоев менен маек

42 жаштагы Туратбек Монкоев бир нече жыл мурда кырсыктап, бир колунан жана бир бутунан айрылып калган. Чарбакер жашоодогу кыйынчылыктарга моюн сунбай үйлүү болуп, бүлөсүн багып, ишкерлик менен алектенип келет.
Sputnik

Ал өзүнүн аракети, басып өткөн жолу менен көптөгөн мекендештерге үлгү боло алат. Жаратман инсан менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Бишкек шаарынын четиндеги жер тилкеңизге азыр эмнелерди өстүрүп жатасыз?

— Эки жылдан бери павлония дарагынын көчөттөрү менен алекмин. Короого атайын чакан бөлмө куруп көчөт  өстүрүүдөмүн. Башында 5000 даана отургузуп, сата баштаганыма аз эле болду. Үйдө кыздарым жардамдашып, акырындык менен бул ишти өздөштүрүп жатам. Павлония аябай назик өсүмдүк экен. Бөлмөдө нымдуулукту сактап, убагында сугарып турбасаң эмгегиң текке кетчүдөй. Мындан сырткары калифорниялык сөөлжан багып баштадым. Аны менен үйдө кыбырап, кыктан биогумус даярдоого болот. Жакында төрт кошуна биригип жер алдынан суу чыгарып, бул жумушту колго алганы турабыз. Негизинен майда-чүйдө ишкерлик менен алектенем, анткени колу-бутум жакшы иштебейт.

Колу-бутуман ажыраганыма өкүнбөйм. Павлония багын өстүргөн Монкоев менен маек

— Павлониянын көчөттөрү менен иштөө кирешелүү бекен?

— Азырынча көчөт гана өстүрүп жатам. Билинбегени менен бул иш деле көп акчаны талап кылат экен, тапканымды эле кайра өзүнө салуудамын. Суукка чыдамдуу, бийик тоолуу аймакта өскөн павлониялардын үрөнүн эле 4000 сомго алгам. Тажрыйбанын жоктугунан 3000 даанасы гана өсүп чыкты. Быйыл Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы бир айылга 700 даана жана өзүмдүн үйүмө дагы тигип койдум. Менин ден соолугума байланыштуу аларды тааныш, туугандарым каралашып жатат. Ошондой эле Ысык-Көл, Нарын облусундагы айылдарга 400гө жакын көчөт саттым. Азыр элеттиктер бул өсүмдүктү жакшы тааный элек. Мындан улам сатып алууну каалагандар дагы аз. Эгер жолго коюлса, дарактар чоңойгондо жакшы киреше берет.

— Павлония сырттан алып келинген өсүмдүк болуп жатпайбы, биздин дыйкандарга анын артыкчылыгын айтыңызчы?

— Бул өсүмдүк Нарын, Ысык-Көлдө жылына 2,5 метрге чейин өсөт экен. Чүй облусунда анын диаметри беш жылда эле 30-35 сантиметрге чейин жетет. Анткени борбор калаада мурда отургузулган дарактардын өсүп жатканын көрүп жүрөм. Бир гектар жерге 1089 даана тигилсе, үчүнчү жылда гүлдөгөндө бал челектерди коюп бир тоннага чейин бал алууга мүмкүн. Өсүп жетилгенден кийин жыгачынан кайык, лыжа, сноуборд жасап, курулуш материалдарына колдонсо болот. Павлониядан жасалган курулуш материалдары өтө бышык, отко туруктуу келип, пластикке мыкты альтернатива болот, отун катары колдонсо табы көмүрдөн да күчтүү. Кийин анын тамырын кыйып, калемче кылып дыйкандар көчөтүн көбөйтө алышат.

— Чоңураак аянтка тигүү аракеттериңиздер барбы?

— Негизи быйыл бир гектар жерге тигейин деген планым бар болчу. Акчадан улам иш аягына чыкпай калды. Эсептесем тегерегин тосууга эле 80-90 миң сом кетет экен. Тамчылатып сугаруунун жабдуусу, кошумча шаймандар талап кылынат. Анан өзүмдүн жеке менчик жерим болбогондуктан азыр Ысык-Көл, Чүйдөгү айыл өкмөттөр менен келишим түзүүнү көздөп жатам. Буюрса, насыя албай, демөөрчүлөрү жок эле өз алдыбызча каралбаган 20-30 гектар жерди өздөштүрөм деген ой-максаттар бар. Азыр укуктук жагын карап аракет көрүп жатабыз.

Колу-бутуман ажыраганыма өкүнбөйм. Павлония багын өстүргөн Монкоев менен маек

— Биринчи топтогу майыптыгыңыз бар экен. Кыйналган жоксузбу? Дегеним, азыр алты саны аман адамдар иштин көзүн таппай жүрүшөт...

— Бир нече жыл мурда ток уруп, денем күйүп кырсыктагам. Ойлонбой кылган оокаттан улам бир колум жана бир бутуман айрылып калгам. Сол колум чыканагыман ылдый жок, экинчи колумдун манжалары бар, бирок начар иштейт. Бир бутум жок, экинчи бутум алсыз, балдак менен 200-300 метрге чейин гана баса алам. Ага карабай тиричилик көрүп жатам. 

Айылда акча табуунун жолу. Бөдөнө бизнесинин оош-кыйышы тууралуу маек
Жашоомдо кыйынчылык, тоскоолдуктар көп эле болду. Отуруп алып Кудайдан "бутумду же колумду эле беш мүнөткө берип турчу" деп ыйлаган күндөрдү башыман өткөрдүм. Көчөдө балдак, коляска менен жүргөндө аябай кыйналып, кээде протезден бутум жооруп кетчү. Өзгөчө шаарда коомдук транспорт салбай коюп, бир маршрутканы аялдамада 5-6 саат күтүп турчумун. Ага карабай 2005-2006-жылдары бир бирдикти эки сомдон салып, кийин "Ош" базарда уюлдук телефон сатып тыйын тапканга аракет кылдым. Буга чейин жүк ташуучу автоунаа менен кышкысын Кара-Кечеден көмүр ташып да иштеп калдым. Жети жыл мурда жалгыз бутум ооруп баспай калгам. Алты ай коляскада отуруп калдым. Ошондо дагы өзүмдүн жеңил автоунаамды чыканагым менен айдап иштеп жүрдүм. Себеби үй ээси болгондон кийин бүлөнү, бала-бакыраны багуу жоопкерчилиги менин мойнумда да. Акыркы 2-3 жылда кошумча нерв оорулары пайда болуп, кыйнап жатат. Кыйынчылыктын баарын намаз окуп, Кудайды таанып, Жараткандын ыраазычылыгы менен жеңдим. 

Колу-бутуман ажыраганыма өкүнбөйм. Павлония багын өстүргөн Монкоев менен маек

— Жакында үйлүү болупсуз, төрт кызыңыз бар экен, бешинчи перзентиңизди күтүп жатыпсыз...

— Мен бактылуу адаммын. Былтыр дос, тууган, кайын журт, кошуналарым жана кайрымдуу адамдар жардамдашып жаңы үйүбүздү жарым-жартылай бүтүп кирип алдык. Карызыбыз 180 миң сом болуп кеткен. Аны дагы төлөп бүтүп калдым. Эң негизгиси Жаратканды таптым. Ушундай тагдырга туш болгонума өкүнбөйм. Балким, колу-бутуман, ден соолугуман айрылбаганда Кудайды тааныбай калмакмынбы деп ойлоп калам. Бул дүйнөдө адам баласы түрдүү кырдаалдарга кабылат экен. Бирине байлык, бийлик берип, экинчисине ден соолугун алып сынайт. Адам бардыгына даяр болуп,  сыноолордон татыктуу өтүшү керек. Буюрса, далай ийгиликтерди жаратабыз.