Токио шаарынын башчысы Олимпиада коопсуз өтө турганын убадалады

Быйылкы Олимпиада оюндары июль-август айларында Токиодо өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясынан улам бир жылга жылдырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. 2021-жылы Япониянын борборунда уюштурула турган Олимпиада оюндары тынч өтөт. Бул тууралуу Токио шаарынын башчысы Юрико Коикэ маектеринде билдиргенин "Известия" жазды.

Олимпиада жеңүүчүсү сынынан кетпеш үчүн курьерлик жумушка орношуп алды
Саясатчы оюндардын өтүшүн камсыз кылууга "120 пайыз аракет" жасай турганын айткан. Ошондой эле иш-чара "Япониядан жана чет өлкөлөрдөн келген спортчулар менен күйөрмандар үчүн коопсуз болот" деп убада берген.

Коикэ жалпы бийлик коронавирустун жайылышына каршы күрөшүп, жардам бере турганын кошумчалаган.

Эске салсак, 2020-жылкы Олимпиада оюндары июль-август айларында Токиодо өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясынан улам бир жылга жылдырылган.