Мойнуна дөңгөлөк илип сабап... Өкмөт Сузактагы окуяны өз көзөмөлүнө алды

Аялын мыкаачылык менен кордогон эркек киши ушу тапта 15 суткага камакка алынды. Мындай чечимди Сузак райондук соту чыгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Өкмөт Сузактагы үй-бүлөлүк зомбулук фактысын өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармакта аялынын мойнуна дөңгөлөктөрдү илип, үстүнөн суу куюп, уруп жаткан эркектин видеосу тараган. Жабыркаган келиндин жазган арызынын негизинде ал киши кармалып, райондук соттун чечими менен 15 суткага камакка алынды.

"Бул үй-бүлөлүк зомбулук фактысы дүйшөмбү күнү өкмөткө караштуу аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында каралат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган кеңеш гендердик өнүгүү маселеси боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну координациялаган, кеңеш берүүчү орган болуп саналары айтылды.