Россиядагы эң белгилүү жана заманбап чыгарманы аныкташты

MyBook китеп сервиси Россия күнүнө карата 1992-жылдын 12-июнунан тарта жазылган бир топ чыгармаларды изилдеп көрүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жазуучу Гузель Яхинанын "Зулейха открывает глаза" романы Россиядагы эң белгилүү жана заманбап делген чыгармалар рейтингинин сап башына чыкты. Бул тууралуу РИА Новости MyBook китеп сервисинин аналитикасына таянып кабарлаган.

Маалыматка ылайык, MyBook китеп сервиси Россия күнүнө карата 1992-жылдын 12-июнунан тарта жазылган бир топ чыгарманы изилдеп көрүшкөн.

"Рейтингдин сап башына Казандан чыккан жазуучу Гузель Яхинанын алгачкы жазган "Зулейха открывает глаза" романы илинген", — деп айтылат маалыматта.

Рейтингдин алдыңкы катарынан Андрей Курпатовдун илимий-популярдуу "Красная таблетка. Посмотри правде в глаза!" китеби, Лариса Парфентьеванын "100 способов изменить жизнь" эмгеги, Борис Акуниндин "Не прощаюсь" чыгармасы, Дина Рубинанын "Яблоки из сада Шлицбутера" аңгемелери да орун алган.