Эшикке чыгарбагыла! Министрлик вирустан улгайгандарды коргоого чакырды

Министрдин орун басарынын айтымында, чет өлкөнүн тажрыйбасы дагы улгайгандарды илдеттен коргоонун натыйжалуу жолу обочолотуу, элге көп аралаштырбоо болуп саналарын көрсөтүп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Коронавирустун аяр катмарында кары-картаңдар турат, биз аларды коргоп калышыбыз керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөнүн тажрыйбасы дагы улгайгандарды илдеттен коргоонун натыйжалуу жолу обочолотуу, элге көп аралаштырбоо болуп саналарын көрсөтүп турат.

"Жашы өтүп калган, улгайган адамдардан үйдө болуңуздар деп суранып кетер элем. Көп учурда поликлиникага, дарылоо мекемелерине, сейил бактарга барып жатасыздар. Эшиктен бир нерсе керек болсо жаштар эле камсыздап берсе. Чет мамлекеттен келгендердин арасында да улгайгандар бар. Сыртка чыгарарда жана алып келерде эпидемиологиялык абалды эске алсаңыздар. Анан сакалдуу, аттуу-баштуу киши деп улууларды той-аштарга чакыра бербесеңиздер. Алар вирусту оор көтөрө турганын эске алалы", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2207ге жетип, анын ичинен 1722си айыгып, 27 бейтап көз жумду.