Радио

Маматалиев: Новосибирск жана Ош боордош шаар болгонуна 11 жыл болду

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Калдарали Маматалиев Кыргызстан менен Россия ортосунда аймактар өз ара алакасын бекемдеп жаткандыгына токтолду.
Sputnik
Маматалиев: Новосибирск жана Ош боордош шаар болгонуна 11 жыл болду

Новосибирск жана Оштун "боордош шаар" статусуна ээ болгонуна быйыл 11 жыл толду. Новосибирскинин мэри баш болгон ишкерлер, маданият өкүлдөрү былтыр Ошко барып, эки тараптуу жолугушуу өткөн. Бул тууралуу Калдарали Маматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ушундай эле статуска Ысык-Көл облусу менен Новосибирск облусу да ээ.

"Эки өлкө ортосунда жалпы мамлекеттик алакалардан сырткары региондордун өз алдынча мамиле түзүүсү ийгиликтүү ишке ашып жатат десек болот. Новосибирск жана Ош шаарларынын достошконуна быйыл 11 жыл толуп отурат. Ушул датанын жана Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында маданий, спорттук иш-чаралар, ишкерлердин жолугушуулары белгиленген эле. Тилекке каршы, коронавирус пандемиясынан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылды", — деди Маматалиев.

Консул Талас облусу менен Алтай Республикасы да "боордош аймактар" статусуна ээ экенин кошумчалады.