Кыргызстанда дагы 41 адам коронавирус жуктуруп алды

Ушу тапта Кыргызстандын аймагында коронавирустан таза аймак калган жок. Вируска 85 күн туруштук берген Талас облусунда бүүнкү күндө үч киши дарыланып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 41 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек – 18;
  • Чүй облусу - 6;
  • Ош шаары – 6;
  • Ош облусу - 2;
  • Баткен облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу - 2;
  • Нарын облусу - 3;
  • Жалал-Абад облусу - 3.
"Бүгүнкү күндө COVID-19дун жаңы 41 учуру катталды. Алардын 9у четтен келген жарандардан табылса, 14ү оорулуу менен байланышта болуп, медициналык көзөмөлдө тургандар. Ал эми калган 18 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек”, — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 2207ге жетти.