Исхак Масалиев жол кырсыгына кабылганын айтып, сүрөтүн жүктөдү

Ушул жылдын май айында Масалиев депутаттык мандатын тапшырган. Ал кырсыкка кабылгандыгы тууралуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев анча олуттуу эмес жол кырсыгына кабылып, окуянын сүрөтүн Facebook баракчасына чыгарды.

"Жаш Гвардия менен ылдый түшүп бараткам. Аркамдан бир жигит келип, унаамдын астынан өткөнгө аракет кылды. Аныкы туура эмес экендигин түшүндүрдүм. Мындан ары этият бол деп кеңеш бердим. Кечирдим", — деп жазган Масалиев.

Ушул жылдын май айында Масалиев депутаттык мандатын тапшырган.