БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Индияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 308 миңден ашты. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун маалыматына караганда, Индия коронавирус көп катталган өлкөлөрдүн ичинен Улуу Британия, Италия, Испания мамлекеттерин озуп өтүп, төртүнчү сапка илинген.
"Жума күнү эле коронавирус жуктургандардын саны 297 535 болчу. Бир сутканын ичинде 10 миңден ашык кишиден вирус табылып, көрсөткүч кескин жогорулап кетти", — деп айтылат билдирүүдө.
Мамлекетте коронавирус жуктуруп алгандардын 147 194 миңи айыгып, 8 498 бейтаптын көз жумганы айтылды.
Вирус аталган мамлекеттин Махараштра, Тамилнад, Дели шаарларынан көп чыккан. 8-июндан баштап Индиянын ири шаарларында чиркөө, мейманкана, ресторан, соода борборлорунун ишмердүүлүгүнө уруксат берилген. Ал эми вирус көп тарап жаткан жерлерде карантин режими 30-июнга чейин узартылганы маалым болду.