Бишкектин чок ортосунда кичи автобус оодарылып кетти. Видео

Жол кырсыгы Абрахманов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде 13-июнь күнү эртең менен катталган. Анда кичи автобус Mazda Demio үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Борбор калаанын чок ортосунда кичи автобус оодарылып кетти. Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Жол кырсыгы бүгүн эртең мененки саат 8:00дө Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Видеодон көрүнүп тургандай, кичи автобус Mazda Demio үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен кагышкан.

Жол кырсыгы боюнча фактыны милициядан тастыкташты. Учурда тергөө жүрүп жатат.