БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. 8-мартта өткөн жүрүштөгү милициянын аракети мыйзамдуу деп табылганын Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 8-мартта феминисттик кыймылдын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтына аялдардын укугун коргоо максатында жүрүш өткөрүү үчүн чогулган. Аларга 30га чукул адам тоскоол болуп, акцияны таратканга аракеттенген. Мындан кийин эки тарап тирешип, милиция акциянын катышуучуларын кармап кеткен. Ага катышкан алты аял жана коомдук тартипти бузууга катышкан беш кишиге 3000 сомдон 6000 сомго чейинки айып салынган. Алардын айрымдары бул чечимге макул болбой, сотко кайрылышкан.
Маалыматка ылайык, 12-мартта Свердлов райондук соту даттанууларды карап чыккан.
"Чогултулган маалыматтар боюнча, пландаштырылган тынчтык жүрүшү бет кап кийген белгисиз адамдар тарабынан өтпөй калган", — деп айтылат билдирүүдө.
Шаардык соттун билдиришинче, милиция кызматкерлери коомдук тартипти бузууга жол бербөө үчүн чара көргөн. Анын ичине "чыр-чатакка аралашкан эки тараптын өкүлдөрүн милиция бөлүмүнө алып келүү менен" өздөрү тууралуу маалыматтарын аныктап, иштин фактыларын тактап, юридикалык баа берүү кирет.
Эске сала кетсек, 8-марттагы жүрүштөгү окуяга нааразы болгондор 10-мартта акцияга чыгышкан.