Өрттү эле өчүрбөй, шаңкылдап ырдай да билген ӨКМ кызматкерлери. Көңүлдүү видео

ӨКМдин чыгармачыл тобу майрам күндөрү чогулуп, Кыргызстан, жаратылыштын кооздугу жана сүйүү жөнүндө ырларды аткарышат.
Sputnik

Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен кармашкан автокранына чыгып алып, шаймандарын аспап кылып шаңкылдап ырдап жатканы элдин көңүлүн көтөрдү. Видеону Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Facebook баракчасына жарыялады.

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын алты кызматкеринен турган "ГПС 600" чыгармачыл тобу 2009-жылы түзүлгөн. Алардын бири аккордеондо, экинчиси комузда кол ойнотуп, калганы "ГПС 600" пенастволу, өрткө каршы колонка, өрт жеңчелерин туташтыргыч, илгич жана башка шаймандарын колдонот. Бул ирет алар "Тоолор", "Жылкычынын ыры" чыгармаларын ырдашты.

"Биз өрттү дагы өчүрөбүз, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин дагы жоебуз, ошону менен бирге чыгармачылык да жөндөмүбүз бар. Биз эски, колдонуудан чыккан жараксыз шаймандардын жана комуз, аккордеондун коштоосунда ырдайбыз", — деп айтышат топтун мүчөлөрү.

Аталган топ майрам күндөрү чогулуп, Кыргызстан, жаратылыштын кооздугу жана сүйүү жөнүндө ырларды аткарышат. Мында 15-июнда Кыргызстанда Өрткө каршы кызматтын түзүлгөндүгүнүн 94 жылдыгына карата ыр тартуулашкан.