WhatsApp тиркемесинде жазылган кат боюнча жаңы функция пайда болот

Жаңы функция керектүү катты тез таап берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ал үчүн колдонуучу чаттагы издөө режиминен "календарь" деген белгини басып, кат жөнөткөн күндү тандашы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. WhatsApp тиркемесин иштеп чыккандар чатта каттарды датасы боюнча тез издөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берген жаңы функцияны тестирлеп жатат. Бул тууралуу WABetaInfo порталына таянып, РИА Новости кабарлады.

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү боюнча эки уникалдуу тиркеме иштелип чыкты
Маалым болгондой, мессенджерде каттарды издеген функция бар. Бирок колдонуучулар так бир күнү жөнөткөн же келген постту таба албай көп убактысын кетирип алышат.

Жаңы функция керектүү катты тез таап берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ал үчүн колдонуучу чаттагы издөө режиминен "календарь" деген белгини басып, кат жөнөткөн күндү тандашы керек.

Билдирмеге ылайык, азыр бул жаңы функция тестирлөөдөн өтүп жатат.