Россия күнү Бишкекте белгиленген учурдан 10 ирмем

Sputnik

Артисттер бири-бири менен интернет аркылуу байланышса, көрүүчүлөр да аралыкта болду. Тагыраагы, телеканалдар жана социалдык тармактан байкоо салып турушту.

Иш-чараны маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко ачты.

Комуздун коштоосундагы орусча ырлар. Бишкекте Россия күнү белгиленди. Видео
Анда 20га чукул артисттер, КР жана РФтин беш ансамбли өз өнөрлөрүн тартуулады. Номерлердин көбү элди кайдыгер калтырган жок. Маселен, "Подмосковные вечера" чыгармасы комуздун коштоосунда аткарылды.

Кыргыз-Россия эриш-аркак жылында баш-аягы 200гө чукул иш-чараны өткөрүү пландалып, бирок пандемиядан улам кийинки мөөнөткө жылдырылган. Алардын бир катары бүгүнкү сымал онлайн-форматта өтүүдө.

1 / 10
Бишкекте Россия күнүнө карата онлайн-концерт болду
2 / 10
Концертти өткөрүүгө ал тургай эпидемия тоскоол боло алган жок
3 / 10
Иш-чараны маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко ачты
4 / 10
Комуздун коштоосундагы орус тилиндеги ырлар жаңырды
5 / 10
Артисттер бири-бири менен интернет аркылуу байланышты
6 / 10
Көрсө, мындай концертти онлайн деле өткөрсө болот тура!
7 / 10
Көрүүчүлөр кызыктуу номерлерге телеканалдар жана социалдык тармактан байкоо салып турушту
8 / 10
"Подмосковные вечера" ырын комуздун коштоосунда аткарышты
9 / 10
Бул концертти Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арнашты
10 / 10
Эриш-аркак жылдын алкагында дагы бир топ концерт, иш-чаралар өтмөкчү.