Өлкөдө коронавирусту дагы 38 адам жеңип, ооруканадан чыгарылды

Сакайгандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларынан болду. Алардын кайталап алган тесттеринин жыйынтыгы таза чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 38 киши коронавирусту жеңип, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Ош" базары да дезинфекцияга жабыла турганы айтылды
Анын айтымында, сакайгандардын 13ү Бишкектен, ону Ош шаарынан, тогузу Чүй облусунан, бешөө Нарын облусунан жана бирөө Баткен облусунан болду.

Алардын кайталап алгандар тесттеринин жыйынтыгы таза чыккан.

Республика боюнча жалпы 1668 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.