Узакка созулган карантинден кийинки Бишкектеги биринчи жума намаз. Сүрөт

Sputnik

Мечиттердин кире беришине дезинфекциялык каражаттар коюлуп, кызматкерлер кирген адамдардын дене табын текшерүүдө. Мусулмандардын намаз учурунда ортодогу аралыкты сактоосу зарыл. Алар бири-биринен жок дегенде 1,5 метр алыстыкта ибадат кылышы керек.

Бишкектеги мечитте санитардык эреже кандай сакталды. Дрондон тартылган видео
Аталган тартиптер менен талаптар муфтияттын расмий сайтында жарыяланган. Ага ылайык, ден соолугу начар жана улгайган адамдардын мечитке барбай туруусу сунушталууда. Ошондой эле ал жакка балдар менен да барбай туруу эскертилет.

Кыргызстанда бардык тармактардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдөгү чектөөлөр алынды. Ал эми массалык иш-чаралар, көңүл ачуучу жай, интернет-клуб, соода борборлорундагы оюн-зоок аянтчаларынын иштөөсүнө уруксат бериле элек.

1 / 10
Кыргызстанда 8-июндан тарта жума намаздарды өткөрүүгө уруксат берилди
2 / 10
Москва көчөсүндөгү мечитке карантинден кийин бир топ эле адам келди
3 / 10
Мечиттерге бет кап менен гана кирүүгө уруксат берилген
4 / 10
Кире бериштерге дезинфекциялык каражаттар орнотулган
5 / 10
Мечит кызматкерлери келгендердин дене табын текшерүүдө
6 / 10
Мечиттин ичинде адамдарды аралыкты сактап отургузууда
7 / 10
Мусулмандардын ортосунда жок дегенде 1,5 метр аралык сакталышы зарыл
8 / 10
Ибадат кылгандардын бардыгы ал талаптарды аткарышты
9 / 10
Пандемиялык абалга байланышту март айынын соңунда КР аймагында мечиттерге баруу тыюу салынган
10 / 10
Муфтият санитардык талаптарды иштеп чыккан