12-кичи район, Жал. Коронавирус көп катталган Бишкектеги микрорайондор

Вице-мэр 34 адамдын вирусту кайдан жуктурганы такталбай жатканын баса белгиледи. Ал айрым жарандар ооруну коомдук жайлардан, анын ичинде базар, соода борборлору, коомдук транспорт жана автобустардан жүктуруп алганын айтышканын кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкекте коронавирус жуктурган жарандардын көбү кичи райондордо жашайт. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус аныкталган 162 адам Бишкектеги 25 конуштун жашоочулары.

"Бишкекте коронавирус жуктурган жарандардын көбү кичи райондордо. Алсак, 12-кичи райондо 15, Жал кичи району 15, Аламедин-1 кичи районунда беш, Фучик көчөсүндө алты бейтап жашай турганы аныкталды. Шаарда вирус тастыкталган бейтаптардын ичинен 63ү өздөрү кайрылгандар", — деди Кузнецова.

Бир жашка чейинки 33 бөбөк коронавирус жуктурган. КРдеги статистика
Вице-мэр 34 адам вирусту кайдан жуктурганы такталбай жатканын баса белгиледи. Ал айрым жарандар бул илдетти коомдук жайлардан, анын ичинде базар, соода борборлору, коомдук транспорт жана автобустардан жүктуруп алганын айтышканын да кошумчалады.

Бишкек шаарында жалпы 610 адамдан коронавирус табылып, анын 367си, башкача айтканда, 60 пайызы айыккан. Тилекке каршы, калаада беш киши коронавирус жуктуруп көз жумду.