COVID-19: аппаратка байланган бейтаптар. Нарындагы ооруканада тартылган видео

Бул видео Нарын облустук бириктирилген ооруканасында тартылган. Ал жакта азыркы тапта коронавирус жуктуруп алган 66 бейтап дарыланып жатат.
Sputnik

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган бейтаптар кандай дарыланып жатканы боюнча видео жарыялады.

Күлүп сүйлөшкөнбүз... Чкалов мектебинин көз жумган директорунун кызы менен маек
Видео Нарын облустук бириктирилген ооруканасында тартылган. Ал жакта азыркы тапта коронавирус жуктуруп алган 66 бейтап дарыланып жатат.

Кадрда көрүнүп тургандай, медицина кызматкерлери аппаратка байланган бейтаптын асма уколун алмаштырып жатат. Мындан сырткары, палатада дарылануу процедурасынан өтүп жаткан улгайган эки аялды да көрүүгө болот.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды өздөрүн жакшы карап, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус 2166 адамдан табылса, анын 401и Нарын облусунан катталды. Жалпы 1668 бейтап айыгып, 26 киши көз жумду.