Көлбаевдин кылмыштуу тобунан үч киши кармалып, бирөөнөн тапанча чыкты. Сүрөт

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери эки иш боюнча жасалган тергөөнүн жүрүшүндө баш-аягы төрт кишини кармаган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Опузалап, курал-жарак жана ок дарыны мыйзамсыз айлантып жүргөнү үчүн Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматтарга таянсак, 2020-жылдын 9-июнунда Октябрь районунун милициясына чала тааныш киши коркутуп 1000 долларын алып койгонун айтып арызданып, бир жаран кайрылган. Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Көлбаевдин кылмыштуу тобунан үч киши кармалып, бирөөнөн тапанча чыкты. Сүрөт

Криминалдык милициянын ыкчам тергөөчүлөрү иликтөө иштеринен кийин шектүү деген төрт кишини кармаган.

"Цапля" деген каймана ат менен жүргөн 37 жана "Рина" деп аталган 46 жаштагы кишилер кармалды. Экөө тең ИИМдин каттоосунда Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү катары каттоодо турат. Андан тышкары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 41 жаштагы дагы бир шектүү кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын Кочкор-Атада кылмыштуу топтун 11 мүчөсүн кармаган видеосу
Мындан сырткары, ыкчам маалыматтарды чогултканда 41 жаштагы бир киши куралы менен кармалган. Ага сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш ишинин 253-беренесинин негизинде ачылган.

"Автоунаасын текшерип жатканда кара түстөгү кол баштыктын ичинен бычак жана револьвер табылды. Анын үлгүсү белгисиз болуп чыкты жана беш огу бар экен. Шектүү Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат", — деп айтышты милициядан.

Кармалгандардын бардыгы тергөө кызматына жеткирилип, мыйзам чегинде Бишкек шаарынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо максатында тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.