Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгарууга ниеттенип жатат

Заводдун курулушун 2020-жылдын декабрь айында соңуна чыгаруу пландалууда. Ишкана жыл сайын 60 миллионго жакын биофармацевтикалык дары-дармек өндүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Коңшу Казакстанда коронавируска каршы вакцина Жамбыл облусунда чыгарыла баштайт деп жазды Sputnik Казакстан агенттиги өкмөт башчынын сайтына шилтеме кылып.

Дары чыгарыла турган заводдун курулушу Кордай районундагы Гвардейский шаар тибиндеги поселекто башталды.

"Казакстан премьер-министри Аскар Мамин Билим берүү министрлигинин Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү комитетинин илим-изилдөө институтунун алдындагы биофармацевтикалык заводдун курулушун баштоого уруксат берди",— деп жазылат маалыматта.

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 7 миллиондон ашты
Ишкана эл аралык стандартка шайкеш келген иммундук-биологиялык дарыларды чыгарат. Анын ичинде коронавируска каршы вакцина дагы бар.

"Казакстандын илим-изилдөө институтунун COVID-19 вирусуна каршы сунуштаган вакцинасы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине кирген жана клиникага чейинки текшерүүлөрдөн өтүүдө ", — деп өкмөттүн расмий сайтында жазылган.

Андан сырткары, заводдо пандемиялык тумоо, кургак учук өңдүү бир катар жугуштуу илдеттерге каршы вакциналарды да өндүрөт.