Жумага карата аба ырайы

Түнкүсүн республика боюнча күн сууктап, айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. 12-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Аксыда мөндүр айыл чарба өсүмдүктөрүн талкалап кетти. Сүрөт, видео
Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Ал эми Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу өрөөндөрүндө күн сууктап, жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Таласта +22…+27, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +25…+30, Ысык-Көлдө +18…+23 жана Нарында +17…+22 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы ордо калаада +25…+27 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто +28…+30 градуска дейре жогорулайт.