Жалал-Абад: психоневрологиялык диспансерде 14 бала кургак учукка кабылды

Учурда балдар психоневрологиялык стационардын имаратында өзүнчө дарыланып жатышат. Атайын бөлүнгөн адистер балдарды күн сайын көзөмөлдөп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде 14 бала кургак учукка кабылган. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Бурулкан Кадырова тастыктады.

Окумуштуулар коронавирустан кийин жаңы эпидемия башталарын боолголоп жатат
Ага ылайык, 2020-жылдын 4-апрелинде балдардын психоневрологиялык стационарынын жетекчилиги төрт балада илдет шектелип жаткандыгын айтып, Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна кайрылган.

Аталган мекеменин дарыгерлери ал балдарды рентгенге тартып, натыйжада төртөөндө тең оору аныкталган. Кийин мекемедеги 95 бала текшерилип, жыйынтыгында 14 баланын анализи курчак учуктун бар экенин көрсөттү.

"Учурда балдар психоневрологиялык стационардын имаратында өзүнчө дарыланып жатышат. Атайын бөлүнгөн адистер балдарды күн сайын көзөмөлдөп турат. Эки ай дарылангандан кийин кайрадан текшерүүдөн өтүшкөн, анализдери жакшы", — деди Кадырова.

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеси 1970-жылы негизделген. Аталган жайда 5-18 жашка чейинки балдар каралат.