Ысык-Көлдөгү үч бейтаптын коронавирусту кайдан жуктурганы такталууда

Облус аймагында коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны жаңы үч учурду кошкондо 25ке жетти. 112 киши обсервацияда жатса, 405 үй-бүлөнүн үй карантинге алынганы маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө акыркы бир суткада үч кишиден коронавирус табылды. Алардын баары Балыкчы шаарынын тургундары. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда үч бейтаптын коронавирусту кайдан жуктуруп алганы такталууда.

"Бул үч жаран Балыкчы шаарындагы Орто-Токой өрөөнүнүн тургундары экени такталды. Алар коронавирусту кайдан жуктуруп алганы азыркы тапта териштирилип жатат. Облуста коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны жаңы үч учурду кошкондо 25ке жетти", — деди Усенова.

Ал облус аймагында 112 киши обсервацияда жатканын, 405 үй-бүлө үй карантинине алынганын кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2129 болсо, анын ичинен 1630у айыгып чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 26 адам көз жумду.