Таласта дагы эки киши. Бүгүн өлкөдө 36 адам коронавирус жуктуруп алды

Буга чейин Кыргызстандын жападан жалгыз таза болгон Талас облусунан да коронавирус аныкталды. Вирус илештирип алган бейтап медицина кызматкери болуп чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында 36 адам коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг маалында билдирди.

  • Бишкек шаары – 17;
  • Чүй облусу - 3;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу - 3;
  • Ош шаары – 2;
  • Ош облусу - 4;
  • Жалал-Абад облусу - 3;
  • Баткен облусу - 1;
  • Талас облусу - 2.

Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2129 болсо, анын 1630у сакайып чыкты. Ал эми 26 киши көз жумду.