Бир суткада 10 медик коронавируска чалдыгып, 18и айыгып чыкты

Ооруну жаңы жуктурган медиктердин тогузу Бишкектен, бирөө Ош шаарынан. Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 419 учур катталды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 10 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, оору жуктурган медиктердин тогузу Бишкектен, бирөө Ош шаарынан. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыккан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 419 учур катталды. Алардын ичинен 312 ак халатчан стационарлардан сакайып чыккан.