Бел кубаты күчтүү эркектер коронавируска алдырбайт. Жаңы иликтөө

Адистер коронавирус жуктуруп алган 28 жаштан жогору бир нече эркекке иликтөө жүргүзүп көрүшкөн. Жыйынтыгында вирус жугузуп алган соң абалы оорлоп, башка дарты козголгон бейтаптарда тестостерон гормону нормадан өтө эле төмөн болуп чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россиялык окумуштуулар уникалдуу изилдөө жүргүзүп, эркектердин тестостерон гормону коронавирустун организмде өрчүүсүнө кандай таасир этерин аныкташты. Бул тууралуу "Московский комсомолец" басылмасы жазды.

Адистер коронавирус жуктуруп алган 28 жаштан жогору бир нече эркекке иликтөө жүргүзүп көрүшкөн. Аларда оорунун белгиси көп байкалбаган, абалы орточо жана оор абалдагы деп үч топко бөлүп алышкан.

"Жыйынтыгында вирус жугузуп алган соң абалы оорлоп, башка дарты дагы козголгон бейтаптарда тестостерон гормону нормадан өтө эле төмөн болуп чыккан. Ал эми башка эки топтогулардыкы нормага жакын жана жетиштүү экени аныкталды", — деди Россиянын Элдер достугу университетинин Эндокринология кафедрасынын башчысы, профессор Светлана Калинченко.

Төшөктө алсыз эркектер вирустук илдеттерге бат чалдыгат. Иликтөө
Көрсө, бул гормондун аз бөлүнүп чыгышы бүтүндөй организмге таасир этип, башка органдардын ишин жабыркатат экен. Өзгөчө өпкөдөгү газ алмашуу процесси татаалдашып, мунун айынан вирус органды оңой иштен чыгарары айтылды.

Адистердин пикиринде, тестостерондун эркектин ден соолугу үчүн мааниси чоң. Эгер ал жетиштүү болсо энергиясы ашып-ташып, кандай иш баштабасын майын чыгара жасашына өбөлгө болот. Тестостерондун жардамы менен эркекке сакал-мурут өсөт, булчуң эт толот, кандын курамы жакшырат. Эң негизгиси — эркектин бел суусунун иштелип чыгышына, тагыраагы, тукум улоосуна шарт түзүлөт.