500 убактылуу бала бакча курулуп, 1200 мектепке компьютер берилет. Долбоор

Билим берүү министри долбоорду Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы насыя жана грант түрүндө каржылай турганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында "Келечек үчүн билим берүү" долбоорун каржылоо үчүн  Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 50 миллион доллар бөлөт. Аталган келишимди ратификациялоо  үчүн  мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште каралды.

Аталган каражаттын 25 миллион доллары грант, жарымы 38 жылдык мөөнөткө насыя катары берилүүдө. Анын ичинен алты жылы жеңилдетилген мезгил, үстөк чени жылына 0,75 пайыз.

Билим берүү министри Каныбек Исаков каражат кайсы багытка жумшала турганын айтты.

Министр Исаков: быйыл мектеп, бала бакчаларда мамлекеттик тилге басым жасалат
Балдардын мектепке чейинки даярдыгын жакшыртуу максатында 40 миңден ашуун орунга ылайыкташкан 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат. Ал үчүн айыл өкмөттүн балансында пайдаланылбай турган имараттар колдонулат. Балдар үч саатка келип окуп кетишет;

Өлкөдөгү 2283 мектептин 1200үнө 30дан компьютер, жетиден проектор берилет, ар биринде алтыдан мультимедиалык класстар ачылат. Электрондук китепканалар менен камсыздалат;

2024-жылы окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына (PISA) катышуу каралган. Ал — балдардын түшүнүүсүн, предметти өздөштүрүүсүн, так жана табигый илимдерге болгон көндүмдөрүн баалоочу PISA программасына даярдык болот. Буга окуучуларды даярдоо үчүн 36 миң мугалим окуудан өтөт.

Депутаттар аталган мыйзам долбоорду биринчи окуудан караган соң, добуш берүүгө жөнөтүлдү.