Ант берген жаңы депутат колун Конституцияга коюуну унутуп калды. Видео

Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Бейшеналы Нурдинов ант берип жатып колун Конституцияга коюуну унутуп калды.
Sputnik

Бүгүн, 10-июнда, Нурдинов расмий түрдө кызматка киришүү үчүн парламенттин трибунасында ант берген.

ЖКда ант берип жаткан судья Конституцияга колун койгонду унутуп калды. Видео
"Мен, Нурдинов Бейшеналы, Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып Кыргыз Республикасынын" деген жерине келгенде арт жактан бирөө айттыбы, токтой калып колун Конституцияга коюп кайра башынан окуду.

Аталган депутат кечээ мандатын тапшырган "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбековдун ордуна келген.

Конституция Бейшеналы Нурдинов ант берүү депутат