Ысык-Көл башчысы: талапты аткарбаган субъектилер жоопко тартылат

1-июндан тарта Ысык-Көлдө пансионат жана эс алуу үйлөрдүн ишине уруксат берилген. Мындан ары санитардык-карантиндик посттон кооптуу райондон же чет өлкөдөн келгендер гана каттоого алынары айтылат. Бирок баарынын дене табы өлчөнөт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев эс алуучуларды кабыл алуу боюнча кирген жаңы шарттар боюнча ишкерлерге түшүндүрмө берип, айрым суроолорго жооп берди.

Облус башчынын айтымында, буга чейин облус аймагына кирип жаткандар "Ак-Кеме" санитардык-карантиндик постунда катталчу.

"Эми жаңы эреже менен иштөөгө үйрөнөлү. 1-июндан тартып чет өлкөдөн жана COVID-19 илдети боюнча абалы оор региондордон келгендер эс алып жаткан жеринде дагы катталышы керек. Практика көрсөткөндөй, каттоо илдет чыккан адамдар байланышта болгондорду бат табууга жардам берет", — деди жетекчи.

Ысык-Көл облусуна кирүү эрежеси өзгөрдү
Осмоналиев санитардык-гигиеналык нормаларды жана коюлган шарттарды аткарбаган субъектилер жоопкерчиликке тартыларын белгилеп кетти.

"Биздин негизги максат — айыптардын эсебинен бюджетти толтуруу эмес. Эс алуучулардын жана облус тургундарынын коопсуздугун камсыздоо болуп эсептелет", — деди ал.

Эске салсак, 1-июндан тарта Ысык-Көлдө пансионат жана эс алуу үйлөрүнүн ишине уруксат берилген. Мындан ары санитардык-карантиндик посттон кооптуу райондон же чет өлкөдөн келгендер гана каттоого алынары айтылат. Бирок баарынын дене табы өлчөнөт.