Икрамов: кээ бир кесиптештер согушту сүйлөсө окоптон чыга бербесин

Строкова гимнасттар менен акробаттар машыккан "Жаштык" дирекциясын балбандарга берүү аракети болгонун сындап чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов кесиптеши Евгения Строкованы спорт темасын түшүнбөгөндөн кийин аралашпай эле коюуга чакырды.

Строкова гимнасттар менен акробаттар машыккан "Жаштык" дирекциясын балбандарга берүү аракети болгонун сындап чыккан.

"Ооба, балбандар бизге медаль алып келет. Бирок Олимпиадалык спорттун башка түрлөрүнө дагы көңүл буруш керек да. Алар дагы бизге медаль алып келиши ыктымал. Ал зал гимнасттар менен акробаттарга ыңгайлуу жана абдан керектүү зал. Балбандарга шыбынын бийиктиги жети метр болгону керек эмес. Биздин балдар күч менен эле эмес, эстетикалык жактан дагы тарбияланышы зарыл", — деди Строкова.

Андан соң Икрамов микрофон алып Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кандай чечим чыгарса, ошого макул болуу керектигин айтты.

"Тост сүйлөп жаткандайсыз". Депутаттын ЖКнын төрагасын какшыктаган видеосу
"Анча-мынча кесиптештерим согушту сүйлөсө окоптон чыгып, мурдун ар жакка тыга бербестен, спортту түшүнбөгөндөн кийин Спорт агенттиги кандай чечсе, ошого макул болсун да", — деп кайрылды Икрамов.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана активисттер Спорт агенттиги гимнасттар менен акробаттар машыккан "Жаштык" дирекциясын балбандарга берет экен деп айтып чыгып, бул билдирүүлөр социалдык тармактарда талкууланып, нааразычылыгын айтып чыккан ата-энелер болгон. Кийин Спорт агенттиги учурда "Жаштык" дирекциясында ремонт иштери жүрүп жатканын, ал аяктап, карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин гимнасттар өздөрү машыга турганын билдирген.