Эртең муфтият битир-садагага чогулган каражатты таратат

Быйыл битир-садага алуу үчүн муфтиятка 300дөн ашуун жаран арыз менен кайрылган. Алардын баарына этабы менен бөлүштүрүлүп, биринчи этабында 70 киши жардам алат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Эртең, 11-июнда, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жыл сайын чогултулуучу битир-садаганы муктаждарга таратат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Шарт боюнча каражат арыздардын негизинде колунда жок, оорулуу жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилет.

"Учурдагы кырдаалдан улам жарандардын социалдык аралыгын сактап, байланышты азайтуу максатында битир-садага алуу үчүн келгендер түзүлгөн тизменин негизинде кезек-кезеги менен үч топко бөлүнөт", — деп айтылат билдирүүдө.
  • Жардамга муктаж, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга — 2500 сом, 10 килограмм ун;
  • Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө — 2 миң сом, 10 килограмм ун;
  • Батирде турган, үй-бүлөлүк социалдык абалы начар жарандарга — 1500 сом, 10 килограмм ун.

Быйыл битир-садага алуу үчүн муфтиятка 300дөн ашуун жаран арыз менен кайрылган. Алардын баарына этабы менен бөлүштүрүлүп, биринчи этабында 70 киши жардам алат.