Кыргызстанга электромобиль алып келгендерди салыктан бошотуу сунушталууда

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, өлкөгө 2018-жылы - 6, 2019-жылы 69 электромобиль алып келинген.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстанга чет өлкөдөн алып келинген электромобилдерди жана аталган транспортту ток менен кубаттандыруу үчүн жабдууларды кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталууда. Бул мыйзам долбоорун өкмөт демилгелеп, бүгүн парламентте биринчи окууда каралды.

Аны менен катар эле электромобилдин ээлери транспорт салыгын дагы төлөбөйт.

Документтин негиздемесинде учурда ири шаарларда абанын булганышына 70-90 пайыз автоунаалар себеп экени жазылат.

"Автоунаалардын санынын өсүшүнө байланыштуу ири шаарларды ыш каптады. Транспорттун түтүндөрүндө көптөгөн зыяндуу заттар камтылган, ал айдоочунун өзүн жана айланасындагы адамдарды уулайт. Ошондой эле отунду күйгүзүүдө глобалдык жылуулуктун себебинин бири болгон парник газдары көп санда бөлүнүп чыгат. Шаардагы транспорт көйгөйүн чечүүнүн бир жолу электромобилдерди киргизүү болот", — деп жазылат негиздемеде.

Талкуу учурунда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Эльнура Мамбетжунушева 2018-жылы Кыргызстанга 6, 2019-жылы 69 электромобиль алып келингенин билдирди.