БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев иштен кетери тууралуу билдирди.
Буга анын айтылуу Гарвард университетинин магистратура бөлүмүнө окууга өткөнү себеп болгон. Бир жылдык окуу гранддык негизде каржыланат.
"2020-жылдын башында аталган окуу жайга мамлекеттик башкаруу багыты боюнча окууга өттүм. Билим алуу бир жылга созулат. Бул аралыкта мен бошобой тургандыктан, өлкө президентине жана өкмөт башчыга айтып, маселени талкуулаганбыз. Мындай кадыр-барктуу окуу жайда билим алуу мүмкүнчүлүгү жашоодо бир гана ирет келгендиктен, алар түшүнүү менен кабыл алып, колдоо көрсөтүштү", — деди Догоев.
Ал кызматын тапшыра турганын, бирок өлкөнү санариптештирүү маселелери боюнча КР президентинин кеңешчиси бойдон каларын кошумчалады.
Догоев бул кызматты туура бир жылдай аркалады. Ал Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы болуп 2019-жылдын май айынын аягында дайындалган. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп, кийин КР президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп келген.