Бээнин сүтү курамы боюнча эненин сүтүнө жакын келет. Бул тууралуу Ишенбай Молдоташев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, саамалды эмес, жаңы саап алынган бээ сүтүн туура ичүү организм үчүн пайдалуу, бирок олуттуу оорулардан айыктырып жибербейт.
"Бээнин сүтүн жаз мезгилинде ичкен туура. Анын курамында белок, аминокислоталар, түрдүү майлар, витаминдер, электролиттер бар. Бул жагынан алып караганда эненин сүтүнө жакын. Ошондуктан кандайдыр бир себеп менен эне сүтүн эме албай калган наристелерге коркпой ичире бериш керек. Учурда калк арасында саамалды дарылык үчүн ичүү популярдуулукка ээ болуп бара жатат. Бирок саамалга караганда жаңы саап алынган бээ сүтү организм үчүн пайдалуу. Аны күнүнө беш жолудан башка тамакка аралаштырбай ичип туруу керек. Бир аз нан, козу этин чоң эмес өлчөмдө жеп турса болот. Бир жума, 10 күн мындай тыныгуу жасоо адамга күч-кубат берет. Бирок бээнин сүтүн ичип тигил же бул оорудан айыгып кетет деген жаңылыштык", — деди Молдоташев.
Дарыгер бээнин сүтүн муздаткычка салып коюп ичкен учурда анын пайдалуу элементтери азайып каларын кошумчалады.