Аксыда мөндүр айыл чарба өсүмдүктөрүн талкалап кетти. Сүрөт, видео

Дыйкандар айыл жериндеги жемиштердин мөмөсүн мөндүр күбүп кеткендигин, алыс болгондуктан эгин талааларына жете албай жатканын айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Дөбө, Күлүк, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Чарбак жана Өлөң-Булак айылдарына 9-июнда жааган жамгыр аралаш мөндүр мөмө-жемиш менен эгинге зыян келтирди. Бул туурасында Ак-Дөбө айылынын тургуну Бакыт Абдыкалыков билдирип, ӨКМ аны тастыктады.

Абдыкалыковдун айтымында, айыл жериндеги алма жана кара өрүктүн мөмөсүн мөндүр күбүп, жерге түшүрүп салган. Картошка да жараксыз абалга келген.

Аксыда мөндүр айыл чарба өсүмдүктөрүн талкалап кетти. Сүрөт, видео

Кербен шаарындагы Ак-Дөбө участкасынын тургуну Нурболот Мамбеталиев 3 гектар жерге отургузган жашылчалардын өсүп келе жаткан көчөттөрүнүн баарын мөндүр талкалап кеткенин кабарлады.

Мөндүрдөн кийинки видео Sputnik Кыргызстандын "Телеграмм" каналына жарыяланды. 

"Күтүүсүздөн жамгыр башталып, мөндүргө айланды. Көлөмү куруттан чоңураак болчу. Талаадагы жүгөрү, күн карама жемиштердин баарын талкалап кетти. Арпа алысыраакта эгилгени үчүн аны барып көрүүгө шарт жок. Дыйкандардын баары чыгымга учурады", - деди Мамбеталиев.

Ак-Дөбө айылынын калкынын саны 3000ден ашуун адам.

ӨКМ 9-июнда кечке жуук жааган мөндүрдүн кесепетинен Кербен шаары менен Кашка-Суу айыл аймагындагы айдоо аянттарына зыян болгонун жана чыгымды тактоо үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатканын билдирген.