БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. АКШлык Триша Тоттен рак илдетин спорттун жардамы менен жеңип алганын Metro басылмасы жазды.
Аял азаптуу илдет менен 2017-жылдан бери күрөшүп келген. Өзүнүн айтымында, ага жеңишке жетүүгө бекем ишеним жана спорттук көнүгүүлөр жардам берди.
"Дарылоо башталганда мен машыгууларымдын тартибин өзгөрттүм, бирок таштап койгон жокмун. Бул нерсе менин сакайып кетишиме дене бой жактан дагы, психологиялык жактан дагы чоң жардам берди. Машыгуу залында диагнозумду унутуп калчумун", — деди ал.
Триша үч жыл ичинде кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп келген. Кайсы бир учурда коркунучтун ордуна айыгып кетерине бекем ишеним пайда болуп, ошол күндөрдөн тарта саламаттыгы тездик менен калыбына келе баштаган.
Бул аралыкта аял 16 ирет химиялык, 33 ирет нур терапиясын алган. Мындан тышкары, рак клеткалары пайда болгон сүт бездерин алдырып, кийин кайра төшүнүн формасын калыбына келтирүүчү операция жасаткан. Учурда ал онкологиялык илдеттерге чалдыккандарга дем берүү максатында башынан өткөн окуялар менен байма-бай бөлүшүп келет.