Жээнбеков Хасан Роухани менен телефон аркылуу кызматташуу боюнча сүйлөштү

Президенттер эки жактуу жана аймактык кызматташууну, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатууну арттыруу боюнча да кеп кылышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Иран президенти Хасан Роухани менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташуу багыттарын талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары менен келечегин, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды көрүү маселелерин талкуулашты. Жээнбеков илдет менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу, атап айтканда, тиешелүү гуманитардык жардам бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди", —  деп айтылган маалыматта.

Ирандан үч кыргызстандыкты алып келишти
Мамлекет башчылар эки жактуу жана регионалдык кызматташууну, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатууну арттыруу боюнча да кеп кылышкан.

Жээнбеков менен Роухани маселелердин бардык чөйрөсү боюнча Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы жемиштүү кызматташуу уланарына эки тарап тең кызыкдар экенин билдиришти.