БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Корей элдик-демократиялык республикасы (КЭДР) мындан ары Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөргө барбайт жана бардык байланыш жолдорун бууйт. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттигине таянып РИА Новости жазды.
"Түштүк Корея ортодогу мамилени акыркы чекитине жеткирди. Мындан ары талкуулап, сүйлөшө турган эч нерсе жок, бир гана көңүл калуулар", — деп айтылган Түндүк Кореянын маалымат агенттиги тараткан кабарда.
Ал эми расмий Сеул коңшу өлкө бүгүн эртең менентен баштап телефон чалганда таптакыр жооп бербей, байланышка чыкпай жатканын айтып чыкты.
"Эртең менен Түштүк Кореянын аскер адамдары байланышка чыгууга аракет кылышты. Бирок телефон чалганда эч ким жооп берген жок", — деп айтылган маалыматта.
КЭДР бийлиги 5-июнь күнү Түштүк Кореянын коомдук уюмдары алардын бийлигине каршы үгүт иштерин жүргүзүп, мындай материалдарды "жабык өлкөнүн" аймагына ар кандай жолдор менен жеткирип жатканына нааразы болгон.