БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. 10-июнда республика боюнча мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +21…+26, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +22…+27, Ысык-Көлдө +15…+20 жана Нарында +14…+19 градус болот.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаай турганы айтылды. Абанын температурасы борбор калаада +21…+23 жана Ошто +23…+25 градуска чейин жетет.