"Бопуш" атка конгон белгилүү актёр Марат Жантелиев көз жумду

Жантелиев Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур айылында туулган. Ал Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасында Саякбай манасчынын образын жараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Белгилүү актёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине анын кесиптештери кабарлады.

Залкар акын Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд ачылды
Айтымдарында, актёр буга чейин ооруп жүргөн. 59 жаштагы талант ооруканадан үзүлгөн.

"Бопуш" деген ат менен таанымал болгон актёр, куудул Марат Жантелиев Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур айылында туулган. Ал Москва шаарындагы кинематографиялык институтту бүтүрүп, бир катар тасмаларда роль жараткан. Көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.

Жантелиев Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасында Саякбай манасчынын образын да жараткан. 

"Бопуш" атка конгон белгилүү актёр Марат Жантелиев көз жумду